Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу: Кыргызстан Өзбекстанды 11:1 эсебинде жеңди
Кыргызстандын курама командасы
Кыргызстандын курама командасы
Кыргызстан менен Өзхбекстандын командалары беттешүүдө
Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын командасын 11:1 эсебинде жеңди
Казакстанда 11-сентябрда өткөн көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун биринчи оюнунда Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын командасын 11:1 эсебинде жеңди. Муну Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өттү. Ошондой эле Кытай - Түркия командасынын эсеби: 8:0, Казакстан - Тажикстан 9:3, Орусия - Монголия 13:0 болуп аяктады. Белгилей кетсек, алгачкы ирет өтүп жаткан Азия чемпиондугу 10-15-сентябрь күндөрү өтөт. Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстан Түркия менен беттешет. Мелдеште 1-орун үчүн 75 миң, 2-орунга 45 миң, 3-орунга 35 миң доллар каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Билдирүүңүз өчүрүлдү.