super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулар берилди

 
Медициналык жабдууларды тапшыруу учуру
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
Студенттердин ден соолугуна кам көрүүгө колдонулчу жаңы жабдуулар
11-сентябрда Бишкектеги студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдууларды берилди. Бул “Бишкек шаарынын студенттерин медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу долбоорунун” алкагында ишке ашканын мэриядан билдиришти. Иш-чарага мэриянын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү А.Жураев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ, ЖОЖдун ректорлору жана шаардык медицина мекемелеринин жетекчилери катышты. Мурзалиев: “Жаштар биздин келечек, алардын ден-соолугун сактоо маанилүү. Бүгүнкү иш-чара бул багыттагы мындан аркы иштерибизге жакшы өбөлгө түзөт. Япония өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирем”,- деди. Жалпы суммасы 4 миллион 2850 сомду түзгөн медициналык жабдуулар Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында берилгени айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: