Дагы 105 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
• Бишкек шаары – 25;
• Чүй облусу – 13;
• Ош шаары – 19;
• Ош облусу – 14;
• Жалал-Абад облусу – 5;
• Баткен облусу – 21;
• Ысык-Көл облусу – 8.
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1980 учур катталды. Алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Krai

15.07.2020. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип медиктер ооруй беришсе медик калабы десең оорулуларды ким карайт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.