super.kg logo

Ош-Эркечтам унаа жолунда 19 жаштагы айдоочу кырсыкка кабылып, бир адам каза болду

 

Ош-Эркечтам унаа жолунда 19 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 12-июль күнү саат 18:30 чамасында Ош-Эркечтам унаа жолунун 21-чакырымында, тактап айтканда Нариман айыл аймагында болгон. Анда Ош шаарынын тургуну 19 жаштагы Б.А. өзүнүн башкаруусундагы Nissan Primera унаасын Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.

Натыйжада айдоочу Б.А. жана жүргүнчүлөрү 19 жаштагы А.Н., 20 жаштагы А.К. ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ал эми 19 жаштагы Э.А. аттуу жүргүнчү денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.07.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу ата энелер балдарга 23 25 ке толгуча унаа башкартпай эле койгула каны суюк немелер акырын айда десен укпайт же
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: