super.kg logo

"Канча акча керек болсо беребиз". Өзбекстандын президенти дары-дармектердин запасын 3 айга жеткидей кылып камдап коюуну тапшырды

 

Өзбекстандын президенти Мирзийоев видео-конференция аркылуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга өзүнчө токтолуп, үч айга жеткидей дары-дармектердин запасын жеткирүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришкен.

"Канча акча керек болсо беребиз. Ал эми дары-дармектер кымбаттаса, элдин нааразычылыгын жаратат. Биз муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Дагы бир жолу айтайын, бизде резервде жок дарыларды алып келебиз. Бирок аларды ордуна жеткирүүдө кыйынчылыктар бар. Ар бир региондо баалар ар кандай. Андыктан резерв түзүп, баага көңүл бурушубуз керек", - деген Мирзийоев.

Мындан тышкары президент тармак жетекчилерине азык-түлүк базарларындагы бааларды көзөмөлдөөнү тапшырды. "Төрт облустун башчылары өз аймактарындагы базарды көзөмөлдөшү керек. Өзбекстанда азык-түлүк көйгөйлөрү жок. Кудайга шүгүр, азыр баары бышып жетти. Калкка сапаттуу жана арзан товарларды жеткирүү боюнча чараларды көрүү керек. Кышка даярдыкты бүгүндөн баштайбыз", - деген өлкө башчы.

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу Өзбекстанда 14 миң 85 адамдан коронавирус аныкталды. 67 бейтап каза болсо, 8 миң 327 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.07.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А биздечи? Ыйлагын келет. Кышты пока ойлоно да элекпиз. Отун-суу, продукты?(
15.07.2020. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соке окучу Бир улгу алчы ойлончу жузунон эле билинет кандай президент экенин россияга барса кандай тосуп алды озбектер
15.07.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин президентибиз ушинтип иштеп турса,ыктыярчыларыбыз бир сом эки сом дебей,балдарынын жанында тынч олтурушмак.Элдер озун-озу камсыз кылып,"Улуу урматтууларыдызды"кошо камсыздайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: