super.kg logo

"Согуштагыдай эле абал болуп жатат. Көмгөнгө жетишпей жатабыз". 17 көр даяр турган Бишкектеги көрүстөндөрдүн учурдагы абалы (видео)

 

Бишкекте 2019-жылдын 1-июлунан тартып 15-июлга чейин жалпы 68 адамдын сөөгү жерге берилген. Ал эми быйыл ушул аралыкта борбор калаада 251 адам жерге берилди. Анын ичинен 86сы пневмониядан, 25и коронавирустан, калганы илдетке байланышы жок көз жумгандар. Бул тууралуу Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо жана Ак-Ордо 3 конушунун ортосунда жайгашкан көрүстөндө күнүнө жок дегенде эки же үч адам жерге берилүүдө. Илдеттен каза болгондор атайын эреже менен көмүлүп, ага жакын туугандары гана катышууда. Гроздь айылында жайгашкан көрүстөндө деле абал дал ушундай. Жалпысынан шаар боюнча акыркы 3 күндө 20дан ашуун маркум көмүлдү.

SUPER.KG порталы аталган көрүстөнгө барганда ал жерде 17 көр даяр турганына күбө болду.

Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиевдин айтымында акыркы кырдаалга ылайык агенттиктин жумушчулары күнү-түнү иштеп жатканга байланыштуу кызмат акысына бир аз тыйын кошулган. Бул баа Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн баа менен агенттик эки гана күн иштеген.Себеби акыркы убакта вирустан каза болгондор кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу оор абалды эске алып, агенттик көмүү баасын мурунку абалында калтырган.

Көр казуу кызматынын баалары:

СКЛЕП - 16040 сом;

Мусулмандар тибиндеги мүрзөнү казуу - 7511:

Мусулмандар тибиндеги балдардын мүрзөсүн казуу - 1945 сом;

Христиан тибиндеги мүрзөнү казуу - 5905 сом;

Христиан тибиндеги балдардын мүрзөсүн казуу - 973 сом.

Көрсөтүлгөн баалар көр казуу кызматы үчүн алынат да жер бекер берилет.

Белгилей кетсек, республикалык штабдын маалыматы боюнча, 15-июлга карата март айынан бери 160 бейтап коронавирустан, 571си пневмониядан каза болду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
15.07.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Склеп дегенди кандай тушунсо болот? 16040.сом дейт го
15.07.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek56,табыт
16.07.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaGaH,Склеп табыт эмес. Табыт койула турган озунчо чакан курулуш. Табыт жерге комулбой ошол курулуштун ичине койулат.
15.07.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым эй
15.07.2020. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
120ны даяр кылып койдук дегилечи.
15.07.2020. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мактанбай эле койбоптур.оорулуулар учун 17места даяр десенер жакшы эле.17 көр даяр деген ото эле жаман угулат экен
16.07.2020. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Материалдык жактан жардам бергенге мумкунчулугу жок бирок билегинде кучу бар жигиттер кор казып жардам кылса 7500 сом жардам кылган болот экен.
16.07.2020. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өлүү деле акча турбайбы...
16.07.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо кылдым,корду да акчага казат экен да э.айыл жерлерде тууган-урук,кошуна -колон эле казып,жерге беришет ко.
16.07.2020. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда очеред менен казышат корду. Ар уйдон бир эркек. Склеп дегенине тушкнбодум гуглдан карайын десем жайнап олуктор чыгып кетбесин деп корктум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: