super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев: "Жетиген" пансионатынын ээси жергиликтүү тургундардын жерин тартып алууга аракет кылып жатат"

 

Депутат Бакыт Төрөбаев ЖКнын бүгүнкү, 12-сентябрдагы жыйынында Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жергиликтүү тургундар менен “Жетиген” пансионаты соттошуп жаткандыгын билдирди. Айтымында,  аталган пансионаттын жалпы аянты 7 гектар. “Бул жердин 4,5 гектары элге тиешелүү экен. 2008-жылы Жогорку Сот 195 адамга (64 үй-бүлөгө) үй куруп, өзүнүн чакан ишмердүүлүгүн жүргүзүү тууралуу чечим чыгарат. Бирок кайрадан 2010-жылдан кийин “Жетиген” пансионатынын ээси Адиль Тойгонбаев ал жерди кайтарып алуу үчүн сотко кайрылып жатыптыр. УКМКга, прокуратурага, мүлк фондуна кайрылып ушул маселени тактоо керек. Эптеп жан багып жаткан элден бул жерди кайра кайтарып алууга болбойт. Мага жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылып жатышат”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: