Орусия ИВЛ аппараттарын экспорттоону жандандырды
Орусия жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ) экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, июнь айында өндүрүш иши 35 пайызга көбөйтүлгөн. Айына 60 даанадан 2 миңге чейин аппарт чыгып жатат.
"Түркмөнстанга коргоочу костюмдарды бере баштадык жана Бразилиядагы тендерге даярдык көрүп жатабыз. Антисептик жана дезинфекциялык каражаттарды Перс булуңундагы өлкөлөр сатып ала баштады", - деген Денис Мантуров.
Министрдин айтымына караганда, Орусиянын ата мекендик коронавирусту аныктоочу тест-системдерин учурда Австрия жана Египет өлкөлөрү сатып алган. Ал эми Болгария, Сербия жана Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.
Буга чейин 600 ИВЛ аппараты Өзбекстан, Сербия, Италия жана Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.