super.kg logo

Автокырсыкка кабылган Асел Кадырбекованын абалы тууралуу жолдошу Нурлан Насип үн катты

 

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалында жылыш бар. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип билдирди.

"Кудайым чоң кырсыктан сактап, дарыгерлердин жардамы менен, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык! Жаратканга чексиз шүгүр келтирем.

"Асел кандай болуп калды?" деп күнү-түнү сурагандар абдан көп, кыскача айта кетейин. Буюрса, алдыга жылыш бар, бирок өзүнө толук келиши үчүн көп убакыт керек экен. Убакыт баарын дарылайт. Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар, бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин", - деген ал.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган. Учурда ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
15.07.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы болуп кетсин!
15.07.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыгып кет эртерээк. Уй булоно кайтып барып бактылуу узун омур сургуло.
15.07.2020. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы болуп кет,Асель.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: