"Дарыгерлер кайда?!" Ошто коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан дарыланып жаткан ооруканада эркек киши чуу салды
Ошто бейтапты ооруканага алып келген жаран медициналык жайдын короосунда чуу салды. Бул тууралуу видеону Ош шаардык мэриясынын басма сөз өкүлү Азамат Абсаттаров бөлүштү.
"Кызыл зонага" ушинтип кирип баргандар да болуп жатат. Бул ооруканада коронавирус жана пневмонияга кабылган бейтаптар дарыланып жатат. Дарыгерлердин мээнетин сыйлап, бейтаптардын тынчын албайлы. Ооруп калган жаранга сөзсүз жардам берилет", - деген мекеменин басма сөз өкүлү.
Видеодон эркек кишинин күзөтчүлөрдүн айтканына кулак салбай, сөгүнүп, кыйкырганын көрүүгө болот. Ал "дарыгерлер кайда, унааны киргизгиле?!" деп ачууланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
2

Биринчи доктурлардын айтканын кылалы туугандар, анан алар биздин айтканыбызды кылат.
Кана врачтар деп алар ойноп аткансып.
Кыйын экенсин эмнеге алып келдин анда.
Үйдө жардам көрсөтө бербейт белең.
Күзөтчүго да асылып.
Ал да өз жумушун аткарып жатат.