Министрлик 13 жаңы "Тез жардам" унаасын сатып алды. Алар өлкөнүн жети облусундагы мекемелерге бөлүнөт
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 13 жаңы "Тез жардам" кызматынын унаасы өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта унаалар өлкөнүн жети облусундагы мекемелерге бөлүнүп берилери айтылат.
"Тез жардам" кызмат унааларынын жалпы суммасы 764 миң 900 долларды түздү. Алынган 13 унаанын үчөөндө жасалма дем алдыруучу аппараттар бар. "Тез жардам" унаалары бейтапка алгачкы жардам көрсөтүү үчүн бардык жабдуулар менен жабдылган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
-1

бейтап жаткан абалда кенен батат. Ошону берип турайын. Өзүмдүн караган тиктеген үй бүлөөмду баккан унаам болсо да эл кызматына бергим келет