super.kg logo

Шайлоо-2020: Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары 42 шайлоо участоктору түзүлдү

 

Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары 42 шайлоо участоктору түзүлдү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Мындан тышкары чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталганы маалымдалат.

Ага ылайык, учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйналышынан талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү протоколдор, жыйындын төрагасынын жана катчысынын кол коюлары менен тастыкталат. Протоколго жыйындын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган дареги жана кол коюлган тизмеси да тиркелиши керек.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуш кылуу саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек территориялык шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тиешелүү документ көрсөтүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө:

  • талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмеси;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүүсү камтылган биографиялык маалыматтар (кадрлар бөлүмүнөн жеке баракчасы же резюме);
  • байланыш маалыматы: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, мобилдик телефону, электрондук почтасы) тиркелет.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйындарынан, саясий партиялардан талапкерлерди тандоолор жөнүндөгү протоколдор Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль саат 18:00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
16.07.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушуларды уккум көргүм да келбейт. Эч ким шайлабай койсо экен
16.07.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар мээсинен айныган кой деп айткын да келбейт.Койдун да бир аз мээси бар.Айбан экен бийликте отургандар!Эли кырылып атса,шайлоо деп олуп-талып,,,,,оозго эч албаган создун баарын суйлотуп бутурду!!!Уяты жок,,каза болгондордун арбагы тынч койбос,,,,,ушул колунда бар, бийликте отургандар,кир акчанын айынан-биздин МЕДИКТЕР жаман атты корунуп атышат!Куноосуз жолдо, машинада каза болуп жатат адамдар!Аларды больницага эмнеге алышпайт!?Канкор ушу бийликтегилердин башкаруусу менен албай жатышат.Наалат
16.07.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кырдаалда шайлоонун эмне кереги бар.Бийликтегилер жөн ишиңерди кылып отургулачы
16.07.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жакта Эл олуп жатса булар шайлоодон олуп баратышат
16.07.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоого катышпай койгонго укугубуз бар, Бир да киши барбай койсо эмне кылаар экен? Бирок Элдер деле кокууй ушул кантип болсун деп алып бара беришет кайра эле. Лично мен барбайм да шайлабайм
16.07.2020. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gabiku,шайлоого барбагандардын добушун болушум алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: