Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды






Чүй облусунун Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке барышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган.
"14-июль күнү болжол менен саат 03:10 чамасында 20-25 жаш курактагы балдар медициналык бет кап менен 38 жаштагы К.Н. аттуу жарандын үйүнө киришип, үй ээсине күч колдонуп, белгисиз курал менен коркутуп, 4 миң доллар жана 60 миң сом акчасын, уюлдук телефонун алып, Хонда фит унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип 21 жаштагы Э.С., 37 жаштагы Э.А., 20 жаштагы Т.К. жана Н.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кармалган жарандар башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



1 |