super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

 

Өлкө боюнча "Алтын сертификатка" 53 бүтүрүүчү татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул жылы Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 миң 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы - 229.

Бишкек шаары – 28;
Ош шаары - 3;
Чүй облусу – 6;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Баткен облусу – 6;
Ысык-Кѳл облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу -1.

Азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 2020-жылдын 17-июлунда кошумча киргизилет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: