super.kg logo

Күнөстүү D витамини коронавируска каршы күрөшүүгө жардам береби?

 

Көптөгөн өлкөлөрдүн алдыңкы дарыгерлеринин айтымында, D витамини бир гана коронавируска каршы күрөшүүдө жардам бербестен, аны алдын алуучу эффективдүү профилактикалык каражат болуп саналат. Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар D витаминин кошумча колдонуу менен адамдын организми SARS-CОV-2 вирусуна каршы туруштук берүүсүн жана илдеттин оор түрүнө айланып кетүү тобокелин төмөндөтөрүн изилдеп жатышат. Англиялык жана америкалык окумуштуулар D витамини коронавирустук инфекциясынан улам көз жумуунун алдын алууга жардам берүүдө чоң роль ойнорун айтышат. Ошондой эле организмде D витаминдин жетишсиздиги ден соолукка зыяндуу коркунучка алып келет. Эң эле алгач иммундук системдин алсызданышына алып келет. Ал эми D витамини организмде жетишерлик болсо, вирустук инфекциялар менен тез жана жеңил күрөшүүгө жардам берет. Азербайжан өлкөсүндө D витамини (Аквадетрим) коронавирусту дарылоочу дары каражаттарынын тизмесине киргизилген.

Бир катар өлкөлөрдүн адистери Европадагы 20 мамлекеттин калкына баам салып, бул витаминдин орточо деңгээлин аныкташып, аны коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү менен салыштырышкан. Натыйжада D витаминин аз колдонгон өлкөлөрдө коронавирустан каза болгондордун саны жогорку көрсөткүчтө болгон. Ошондой эле организмде D витамининин жетишсизидиги вирустук инфекциялардын оор түрүнүн өтүшүп кетүү коркунучун 15 пайызга жогорулатат.

Бул витаминдин эң негизги булагы Күн болуп саналат. Учурдагы пандемия шартында көпчүлүк үйдө же имараттын ичинде обочолонууда отурат. Мындай учурда эксперттер D витаминин дары каражаты иретинде ичүү маанилүү экенин айтышат. Эске алуучу жагдай, D витамини башка микроэлементтер сыяктуу эле организмге зарыл, бирок аны да өлчөмү менен колдонуу керек. D витаминин колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешип, дозасын аныктап алуу милдеттүү түрдө сунушталат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
17.07.2020. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм кимге ишеништи да .Кундон кунго иммунитет которуу учун ар кандай дары витаминдер айтылып жатат же чын экенин билбейсин же ар Ким оз товарын откоруп жатканын билбейсин.С витамин деп Эми д витаминди айтып.Откондо дарбыз алгыла вируска курошуу учун чон жардам тиет деп чыкты эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: