super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков обсервацияда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза болгон Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды

 
Бүгүн, 16-июлда президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеп жүрүп каза болгон И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.
"Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга баткан апамды эстеп жатам", - деп белгилеген президент, маркум Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.
"Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сыйлаган кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин", - деди Жээнбеков.
Баарлашуу учурунда, ата-энеси кызынын окуучулук кезден бери доктур болууну кыялданганын, Ысык-Атадагы Юрьевка айылынын орто мектебин эң жакшы баалар менен аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга ийгиликтүү тапшырганы тууралуу айтып беришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекова биздин замандын баатыры экенин, ал мекендештеринин эсинде башкалардын саламаттыгы үчүн өз өмүрүн арнаган кайраттуу ыктыярчы катары калаарын баса белгиледи.
Жээналиев Замирбек менен Молдокулова Дилбардын Адинай менен 4 кызы бар эле. Айгерим жана Бегимай студенттер, Жанель мектеп окуучусу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(19)
16.07.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Барганы гоо жакшы компенсация жонундо жазылбаптыр го
Paol түзөттү 2020-07-16 13:43:58
16.07.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сороновирус ошонун айынан кети
16.07.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
aza84,оозум бар деп эле сүйлөй бербегилечи элине жараша башчы дейт өзүбүздү да бир карап көрөлү.Жээнбековдон башка президент болсо эмне оорутпай коет беле булда болдо дүйнө элинин башына түшкөн апаат. Туура чондорубуздун да кемчилдиги бар албетте кечке эле наалый берген болбойт.
16.07.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aza84,Мээнди иштетип суйлочу кичине.Ч...п алсанап дагы президент куноолуу деп отурабергиле,бул дуйнолук апаат болуп атат!Башка элдер наалыбай эле отурушат тынч эле,биз эле ушу догурунуп,ызы чуу кылып журобуз дайыма.
16.07.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza84,блин 40кка чыгып атасын мэ...мээ экен! Италия эмне болду билесинби? Агада Соке виноваты? Кудайым ар бир Адам сезсин тооба келтирсин деп сыноо берди а силер дагы эле бироого асыласынар!
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-07-16 16:19:43
16.07.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чубак Ажынын уй булосуно да, барсан болмок!
16.07.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
kyrgyzka7,
Чубактын уй булосуно баргандан эч пайда жок. Андай болсо ар бир адамдын омуру баалу. Олгондордун бардыгына барып чыксын. Бул кыз менен Чубакты салыштырба. Бул кыз чыныгы эрдик жасады.
filis түзөттү 2020-07-16 15:32:05
16.07.2020. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
filis,Ооба эрдик жасады!Экоону салыштыруунун кажети жок!Экоо тен мыкты,Чубак ажы откон куну конул да айтып койбоду.Ошого эле жаздым.Туура ар бир адамдын олуму баалу дечи,ар биринин олуму баалу деп зоокуру,алкашы,наркоманынын олумуно бара берсе буларга окшогон мыктылардын баалуулугу кайда калат?
16.07.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka7,
16.07.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам бололучу, ар бирибиз мен озум эмне кылып жатам, эмне пайдам тийип жатат деп ойлонолучу. Наалыгандар баарынар озумчулсунор бир тыйын пайданар жок, мамлекетибиз жарды болсо окмоттун иши чабал баарыбыз эле билебиз, кечке эле наалый бергенди токтотолучу
16.07.2020. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы кылыптыр. Болду эми кечке эле президентке асыла бербейли. Башка өлкөлөр деле бул оору менен алыша албай көп адамдарды жоготуп жатышат. Ким билиптир ушунчалык болуп кетерин. Башында көпчүлүгү ишенген эмес. Карантинге жапса да жаман көрдүк, жаппаса дагы жаман көрүп жатабыз. Эгерде ооруканаларды куруп, жабдууларды же дары-дармектерди ала башташканда балким анда да акчаларды жөн эле коротуп атат деп жаман көрмөкпүз. Биринчи өзүбүз оңололу, осуруп койсок да президентке төңкөбөй.
16.07.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барганы эң жакшы болуптур,внимание кылып,акча деле берди да, жөн эле бармак беле.Албетте өкүнүчтүү
16.07.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элибиз да ото шумдуктуу болуп кетишти.Кичине сый урмат кылсак онугот белек.Ар кимге асылганды коюп озубузду тарбияласак.
16.07.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
portugalia,Туура айтасыз, кичине болсо да сый болуш керек.Карантин киргизсе дагы жок оору деп презденке асылышты,эми не кылыш керек.Жеп бутуп койгон олкону качкан презденттер жыланачтап.Тоноп карызга батырып.
16.07.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комментарий жазгандар жакшы тилек менен жазыпсыңар көпчүлүгүңөр баары силердей ой жүгүртүп мен эмне жасадым элим үчүн деш керекбиз.Ар бирибиз жакшы тилек кылып колдон келишинче жардам берсек баардык кыйынчылыкты жеңебиз.Россияда жүрсөк да колдон келишинче жардам берип жатабыз бул жакта деле май көл жок бирок элибизди унуткан жокбуз.
16.07.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jelezo,Ким кайсы башы жок минус басат дейиимда,жакшы эле жака угуттоп сонун создорго.
16.07.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jelezo,тууура айтасын биринчи биз пейилди ондойлучу пейилге жараша да болот кооп нерсе
17.07.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сокең эч нерсе чече албайт Атамбаевдин коюн колтугуна кирип жүрүп келди да. Чек арага бара албайт, октон жарадар болгон жоокерге больницага барат. Вирус чыккан жерге барбайт өлгөндөн кийин барат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: