Ысык-Көл районунун акими дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын айтып, жардам сурап кайрылды
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын айтып, жардам сурап кайрылды. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу Ысык-Көл районунун тургундары! Баарыбыздын өмүрүбүз үчүн күн-түн дебей алышып жаткан улукман дарыгерлерибизге алкышыбыз чексиз! Сиздер бул доордун баатырысыздар! Биздин Ысык-Көл районунда жана райондук ооруканада 90, өпкө оорулары эс алуучу санаторийде 80, Ананьево айылында 15 жана “Алтын Балалык” реабилитациялык борбордо 100, жалпысынан күндүзгү стационарларда 491 орун даярдалды.
Бирок өлкөнүн көп аймактарында бар көйгөй бизде да курч турууда. Дегеним, ушул стационарларда иштеп, оорулууларды кабыл алганга медиктер жетишпейт. Беш манжа бөлөк, билек бир! Беш адам бөлөк, тилек бир дегендей биз сиздерден жардам сурайбыз. Жергебиздин бермети болгон Ысык-Көл районунун тургундарынын сунган колун суутпай, өмүрүнө аралжы болууга бел байлаган бардык врачтарга, медайым, медагаларга, келечекте бул кесиптин ээси болууну тандап алган жалын жүрөктүү медик студенттерге, ыктыярчыларга эшигибиз ачык! Биз ар бириңиздерди чоң кубаныч жана үмүт менен күтөбүз! Жатакана, тамак-аш акысыз, айлык маяна төлөнөт. Келиңиздер ооруну бирге жеңели! Ысык-Көл районуна келүүнү каалаган медиктер төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңар болот. Байланыш телефону: 0705 86 33 99", - деп жазган Иманалиев.

