ЖРТ-2020. Баткен облусу республикада экинчи орунду ээледи
Жалпы республикалык тестирлөөдөн Баткен облусунда алты окуучу жогорку упайларды топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
ЖРТдан жогорку упай алган окуучулардын тизмеси:
Чолпон Абдисуханова, Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү (228 балл);
Сабырбек Маликов, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (224 балл);
Азамат Бекбаев, Лейлек районунун №3 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү (223 балл);
Өмүрбек уулу Марсел, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (220 балл);
Умиджон Идрисов, Кадамжай “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү (220 балл);
Перизат Ибрагимова, Баткен облустук гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү 220 балл.
Белгилей кетсек, республика боюнча эң жогорку 229 балл менен Ош облусунун Алай районундагы №25 Эшкул Мурзаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Акмарал Нурбек кызы алса, андан кийинки жогорку көрсөткүчтү Баткен облусунунун Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү Чолпон Абдисуханова 228 баллды алган. Баткен облусу ушуну менен экинчи жыл катары менен өлкөдө Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунду ээлеп келүүдө.












1 |