"Жыргатпайт го!". Жаңы алынган "Тез жардам" унаасы жолдо бузулуп калды
Кечээ, 15-июлда Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 жаңы "Тез жардам" унаасын сатып алган. Унаалар өлкөнүн жети облусундагы мекемелерге бөлүнөрү маалымдалган.
Жаңы алынган "Тез жардам" унааларынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Мындай маалымат интернет колдонуучусу тарабынан бүгүн, 16-июлда белгилүү болду. Видеодон транспорт каражатынын бузулуп, жолдо калганын байкоого болот.
Кыска тасманын автору жаңы келген "Тез жардам" унаасы эмитен бузулса, жардам көрсөтүп жыргатпайт го деп кейиген.
Азырынча министрлик бузулган унаа боюнча маалымат бере элек.
Министрлик тарабынан жаңы алынган "Тез жардам" унаасы бузулуп калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Же эскилерди бир сыйра ремонттоп, мынчадан алдык деп сол чонтоко сойлотуштубу