super.kg logo

Министрлик: "Семетей" госпиталындагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат" деген билдирүү чындыкка дал келбейт

 
Социалдык тармактарда "Семетей" госпиталындагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат" деп жарыяланган видео чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды "Семетей" госпиталынын жандандыруу бөлүмү жайгашкан имаратка ташып бараткан. Кампада Сипап деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгон. Министрликтин кызматкерлери жабдууларды текшерип көрүп, жандандыруу бөлүмгө орноштуруп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден соолугуна кам көрүп жатышат.
Андыктан өлкөбүздөгү кыйын кырдаалды эске алып, жапа тырмак илдет менен күрөшүүнүн ордуна, жумурткадан кыр издеген жарандарыбызга билип-билбей туура эмес маалымат таратпоону суранабыз", - дешти мекемеден.
Буга чейин интернетке видео тарап, анда "Семетей" госпиталындагы жабдыктар кайра ташылып кетти деп талкууга алынган.





"Семетей" госпиталындагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат деген билдирүү чындыкка дал келбейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: