Боом капчыгайында бузулуп калган "Тез жардам" унаасы боюнча министрлик түшүндүрмө берди
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы алынган "Тез жардам" унааларынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Мындай маалымат интернет колдонуучу жаран тарабынан бүгүн, 16-июлда белгилүү болгон.
Министрлик жаңы сатып алынган "Тез жардам" унаасынын бузулушу боюнча түшүндүрмө берди.
"ГАЗ "Соболь" 4х4 үлгүсүндөгү "Тез жардам" унаасы бөлүнгөн аймакка, тагыраагы, Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасына жеткирилмек. Боом капчыгайынан техникалык мүчүлүштүк жаралып, унаа бузулуп калган. Окуя болгон жерге жеткирүүчү компания тарабынан механиктер тобу барышкан. Учурда унаа Чолпон-Ата шаарына токтотулду. Адистердин кароосунан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
"Тез жардам" унаалары Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынган.



















1 |