super.kg logo

Адис: "Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталгандыктан, стационарга келгенде аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер таасир этпей калууда"

 

Бейтаптарга антибиотиктер көп сунушталып жаткандыктан, стационарга келип түшкөндө аларга акыркы муундагы резервдик антибиотиктер таасир этпей калууда. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтты.

Адис адамдардын организминин антибиотиктерге көнүп калуу көйгөйүн белгилеп, башаламан пайдалануудан улам дары-дармектердин таңкыстыгы келип чыккандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, баштапкы звенодогу жана стационарлардагы дарыгерлер бейтаптардын ден соолугу тууралуу айтканы боюнча дары-дармектерди интуиция менен сунушташат. Маселен, антикоагулянттар лабораториялык көрсөткүчтөр менен гана сунушталышы керек.

Аида Зурдинова баштапкы деңгээлде жана стационарларда дары-дармектерди башаламан эле пайдалана берүүнү токтотууга жардам берүүчү прокальцитонин бактериалдык инфекция маркерин колдонууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: