super.kg logo

Арбидол, Ингавирин, Эргоферон... Адис бул дарылардын натыйжалуулугу далилденбегенин айтты

 

Адис калкка вируска каршы натыйжалуулугу далилденбеген дары-дармектерди пайдалануудан сактануу керектигин эскертти. Бул маселени Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда көтөрдү.

Анын айтымында, учурда калк арасында Арбидол, Ингавирин, Эргоферон жана башка вируска каршы дары-дармектер чоң дүрбөлөңдү жаратып жатат.

Бирок бул препараттардын натыйжалуулугу далилденбегендиктен, ата мекендик клиникалык протоколдорго киргизилген эмес.

"Ошентсе да социалдык тармактардагы жарнамалардан улам калкыбыз булар абдан натыйжалуу жана зарыл дары-дармек деп ишенип алышкан. Мындай көрүнүш баалардын 100 сомдон 700 сомго чейин көтөрүлүп кетишине шарт түздү. Бейтаптар акчаларын бекер коротушууда. Бирок ошол эле учурда натыйжасын көрбөй жатышат. Бул дагы бейтаптардын биздин клиникалык протоколдорго ишенбөөчүлүгүн пайда кылып, дарыгерлер начар дарылап жатышат деп айтууларынын бир себеби болушу мүмкүн", - деди Камбаралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.07.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эргоферон бул туфта да,пустышка(бирок, баасы укмуш)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: