15 күндө "Тез жардам" кызматына 60 миңдей адам кайрылган. Анын ичинен миңден ашуун адамдан пневмония илдети аныкталган
1-июлдан бүгүнкү күнгө чейин ыкчам медицина борборуна 59 миң 83 чалуу келип түштү. Алардын ичинен 9 миң 442 чалуу катталып, 5 миңден ашык жаранга кеңеш берилди дейт республикалык штабдан.
Борбор шаардын тургундарынын чалуулары боюнча 5 миң 71 чыгуу аткарылып, 1 миң 323 адам пневмония, 57 адам COVID-19 илдетине чалдыкканы катталды. 840 адам ооруканага жаткырылды.
Ал эми июнь айында (15 күн аралыгында) 6 миң 775 кайрылуу катталып, 3 миң 481 адамга кеңеш берилген. 5 миң 275 чыгуу аткарылып, 325 адамдан COVID-19 илдети, 97 адамдан пневмония дарты аныкталган. 1 миң 611 бейтап ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.