super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трамптын жээнинин өлкө башчысы тууралуу жазган китеби эң көп сатылып, рекорд койду

 

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жээни Мэри Трамптын өлкө башчысы тууралуу жазган китеби эң көп сатылган китеп катары рекорд койду. Китеп "Эң көп жана ар дайым аз: менин үй-бүлөм кантип дүйнөдөгү эң коркунучтуу адамды жараткан" деп аталат. Сатыкка коюлган күнү, тагыраагы 14-июлда эле китептин 950 миң нускасы сатылган. Бул тууралуу "Simon and Schuster" басмаканасынын маалыматына таянуу менен СNN телекомпаниясы билдирген.

Китеп басма, электрондук жана аудио түрүндө сатылган. Басмакананын айтымында, Мэри Трамптын китеби буга чейин рекорддук сатыкка ээ болгон Жон Болтондун "Бул окуялар болуп өткөн бөлмө: Ак Үйдүн мемуарлары" деген китебинен ашып өттү. Белгилей кетсек, Жон Болтондун китеби сатыкка чыккан биринчи аптада эле 780 миң нускада сатылган.

Клиникалык психология боюнча доктордук даражасы бар Мэри Трамп китебинде АКШнын президенти Дональд Трамп үй-бүлөсү тарабынан көрсөтүлгөн терс таасирден улам башка адамдарга кайгырып жана кабатырлана албайт. Ошондой эле көптөгөн кемчиликтеринен жабыр тартып келгендигин айтат. Автор Дональд Трамптын бала кезинде дүйнө таанымынын калыптанышына атасынын купулуна толбой калуу жана анын каарына калуудан коркуу сезимдери чоң таасир бергенин айтып, АКШнын лидери тарбияланган үй-бүлө аны башка адамдардын кайгы-кубанычына ортоктош болуу жөндөмдүүлүгүнөн кол жуудурган деп белгилеген өз китебинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: