Индияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 1 миллиондон ашты
Индияда акыркы бир сутка ичинде 34 миң 9 адамдан коронавирус илдети аныкталып, жалпы вирус аныкталган адамдардын саны 1 миллион 3 миң 832ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус боюнча дүйнөлүк статистикада Индия үчүнчү орунда турат. Илдет эң көп аныкталган аймактар Махараштра штаты (284 миң 281), Тамилнад штаты (156 миң 369), Делиде (118 миң 645) калгандары башка аймактардан катталган.
Акыркы маалыматка ылайык, Индияда 635 миң 756 бейтап оорудан айыкса, тилекке каршы, 25 миң 602 адам кайтыш болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.