"7 мүнөт жетишпей калдым. Ал мага кызымды жакшы көрөрүмдү айтып кой деп айтты". Шаардагы ооруканада ыктыярчы бейтапка жетишпей калып, ал каза болуп калганын ыйлап айтты
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан кыз бейтапка 7 мүнөт жетишпей калганын айтып, ыйлап жаткан видео тарады.
Видеодо ыктыярчы болуп иштеген кыз бейтапка 7 мүнөт жетишпей калганын айтып, бейтап каза болордун астында ыктыярчыга "мен азыр өлөм, кызыма аны жакшы көрөрүмдү айтып кой" дегенин айтып ыйлаган. Видеодо ыктыярчы кыз көз жашын тыя албай ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Өлкө боюнча коронавирус жана пневмония оорусунан жалпы 785 адам каза болду.
Ыктыярчы бейтапка 7 мүнөт жетишпей калып ал каза болгонун ыйлап айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Кыргыз эли аман болуп турса,пандемия бутсо сиздердин урматыныздарга республика боюнча салют атылган кундор болот. Чыдагыла медиктер!
Ар бир медиктин астында башыбызды ийип салам берчу кун келет карындаш. Чыдагыла...