Ошто коронавирустан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова каза болду
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 65 жаштагы Жарматова Темиркан Досатовна коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Маркум Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары кызматында өзүнүн ишмердүүлүгүн көргөзүп келген. Ал 1979-жылы Кыргыз медициналык институтун бүтүрүп, Ош облустук ооруканасында иштеп келген. Ал оорукана үчүн көптөгөн эмгектерди жасаган.
Темиркан Жарматованын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова аза кайгысын тең бөлүшүп, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.