Бишкекке Новосибирсктен 183 Кыргыз жараны кайтып келди
Бүгүн, 17-июлда Бишкекке Новосибирсктен 183 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
"Манас" эл аралык аэропортунда Новосибирск–Бишкек багыты боюнча "Авиатраффик" авиакомпаниясынын бортун тосуп алышты. Өлкөгө Орусиядан 183 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон Кыргыз жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, операция жасаткандар, ошондой эле Орусиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган 73 кыргыз студенттери бар. Ошондой эле аталган борт менен мекендештердин жардамы катары, жалпы суммасы 185 миң рублду түзгөн медициналык дары-дармектерден жана керектүү жабдуулардан турган гуманитардык жардам келди.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү багыттарын издөө боюнча иштер улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

