Коңшу Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 15 миңден ашты
Коңшу Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 15 миңден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышкан.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 15 миң 349 адамды түздү. Акыркы бир сутка ичинде 562 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Рекорддук көрсөткүч 14-июлда катталган, анда 689 адамдан вирус аныкталган. Өткөн суткада 4 бейтап бул илдеттен каза болуп, 128 бейтап ооруканадан сакайып чыкты.
Жалпысынан бул өлкөдө 8 миң 783 бейтап бул илдетти жеңип чыкты. Каза болгондордун жалпы саны 76 адамды түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Бизде адамдын саны 6 миллиондон ашат
Өзбекстан да адамдын 38 миллиондон ашат