super.kg logo

Бишкектеги стационарларда жалпы 10 адам каза болду

 

Бишкекте учурдагы кырдаалга байланыштуу ачылган күндүзгү стационарларга бүгүнкү күнгө карата жалпы 41 миң 308 адам кайрылып, тилекке каршы 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"16-июлга карата күндүзгү стационарларга 41 миң 308 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, 29 миң 705 бейтап тамчылатма дары алды. Андан тышкары 11 миң 366 адам медициналык кеңеш алып, 227 адам ооруканаларга жаткырылды. Тилекке каршы 10 бейтап каза болду", - деди Азиз Алымкулов.

Мындан тышкары, 14-июлдан бери шаарда 220 орундуу эки түнкү стационар ачылды. Ал жерде 34 медицина кызматкери жана 5 ыктыярчы бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: