super.kg logo

Бишкекте Гепаринди 435 сомдон сатып жаткан дарыкана аныкталып, тергөө иши башталды

 

Бишкекте дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан дарыкана аныкталды. Бүл тууралуу бүгүн, 17-июлда Финполдун (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы) маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Юлиус Фучик көчөсүндөгү дарыканалардын биринде Гепарин ампуласы 435 сомдон сатылып жатканы аныкталган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесиндеги 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде, Бишкек шаарында жайгашкан дарыканада Гепарин препаратына контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн. Тагыраагы, кызматкерлер Гепаринди сатып алышканда бир ампуланын баасы 435 сомду түзгөн. Дарынын туруктуу баасы 300 сомдон ашпаш керек болчу. Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Финпол эскертет! Пандемия шартында дары-дармектердин баасын жогорулатып саткан, мыйзам бузган фармкомпаниялардын жана дарыкана пункттарынын, дарыкана күркөлөрүнүн аталышы толук жарыяланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.07.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гепарин жардам деле бербейт экен, албай эле койгула
17.07.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oscar,жардам берет.
Вирус менен ооруганда кан коюуланып кетет.
Гепарин канды суюлтат.
П.к(теринин астына)жасалат.
17.07.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да ладно вы что только узнали?Гепаринди наглядно эле 500сомдон сатып жатышат го.Финпол эскертет деп коюшат дагы ииий ии куйуп кетесин го
17.07.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гепарин аптекада 435 сатып жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: