Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери 42 жашында каза болду
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Молдосанов Канат Жумабекович 42 жашында дүйнө салды.
Канат Молдосанов 1978-жылы 3-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылында туулган.
Билими орто, 1995-жылы № 47 кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.
Эмгек жолу:
1996-1998-жылдары №22058 аскердик бөлүгүндө айдоочу болуп эмгектенген.
1999-жылдын январь айынан тарта Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн №8 адистештирилген бөлүгүндө айдоочулук кызматты аркалап, бүгүнкү күндө бөлүмдүн улук техниги кызматында иштеп келген.
Улук прапорщик Канат Молдосановдун алган сыйлыктары:
2009-жылы ӨКМнын "Кынтыксыз кызматы үчү" III даражадагы медалы менен, "Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 85 жыл" юбилейлик медалы менен;
2012-жылы президенттин атайын сааты менен;
2013-жылы "Кынтыксыз кызматы үчүн II даражадагы" медалы менен;
Канат Молдосанов үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

