Жалал-Абад облусунда 12 жарым тонна жапайы кара куурай жок кылынды





6-июлдан, 12-июлга чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2020” операциясынын алкагында өткөрүлгөн "Кара-Куурай" аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттар менен байланышкан 4 кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБдин басма сз кызматынан билдиришти.
"ИИМдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ШРИИБдер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер-жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 105 атуулдан турган 8 жумушчу топ түзүлүп, 3,57 гектар жер аянтында өскөн, жалпы салмагы болжол менен 12 жарым тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү жок кылынды", - деп жазылган билдирүүдө.
Учурда Жалал-Абад облусунун аймагында баӊгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын-алуу максатында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар уланууда.



1 |