super.kg logo

Бишкекте акча алмаштыруу жайынан акча уурдаган шектүү кармалды

 

ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматы Бишкектеги акча алмаштыруу жайына каракчылык менен кол салган шектүүнү кармады.

Маалыматка ылайык, 11-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылган. Ал ошол күнү саат 12:40 чамасында акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, физикалык күч колдонуп, кассадан 10 миң долларга жакын акча каражатын уурдап кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу бюросуна кардар катары кирип жүргөн. Акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүгө көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкерди моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 миң доллар акча каражатын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу М.Б. кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.07.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Четке кеткендердин баардыгы келе турган болсо мындай кылмыштардын саны өсө баштайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: