Бишкек казыяты тарабынан элдин аманчылыгын тилеп, түлөө өткөрүлдү
Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаардык казыяты жана Тынчтык конушундагы "Чоюбек уулу Керималы» мечитинин жамааты элге-жерге аманчылык, тынччылык жана балээ кырсыктардан узак болушун тилеп, түлөө өткөрдү. Бул тууралуу маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий сайтында жарыяланды.
Бул иш-чарага Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов катышып, бата кылды. Ал өз сөзүндө: "Аллах Тааланын сыноосу экен. Бул күндөр менен жалпы адамзатты, анын катарында Кыргыз өлкөбүздү да сыноого алып жатат. Аллахтан кечирим сурап, тообо кылып, акыреттик иштерди көп жасайлы. Бул абал "менин айымдан болуп жатат" деген ой менен тообо кылалы. Мына канчалаган бир туугандарыбыз, дамыллаларыбыз кайтыш болуп кетти. Жараткан өзү баарыбызды кечирсин жана оор абалды жеңил кылып, аман эсен кадимки жашообузга кайтарсын",- деди Эрназар ажы.

