"Кочкордогу оорукананын төрөт бөлүмү жабылып, кош бойлуулар Ысык-Көлгө жеткирилип жатат" дейт окурман. Министрликтин жообу
"Нарын облусунун Кочкор районундагы оорукананын төрөт бөлүмү жабылып, буга байланыштуу төрөтү келип калган кош бойлуу аялдар Ысык-Көлгө (Чолпон-Ата шаарына) жеткирилип жатат" дейт социалдык тармактын колдонуучусу. Ал мындай билдирүүсүн бүгүн, 17-июлда жазып, ооруканада абал начар экенин, дарыгерлер өздөрү ооруп жатканын кошумчалаган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен оорукананын төрөт бөлүмү жабылбаганын билдиришти.
"Биз азыр эле оорукананын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Аталган аймактагы бейтапкананын төрөт бөлүмү жабылган жок, иштеп жатат. Орундар дагы болсо бар, кош бойлууларды кабыл алганга даяр.
Ал эми ооруканада дарыгерлердин саны жетиштүү", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
algakaray

18.07.2020. 04:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенебиз эми?
sabirdinovich

18.07.2020. 08:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочкордун төрөтканасын билбейм,бирок ооруканасы орун жок деп эч кимди кабыл албай жатат. Балыкчыга баргыла деп жиберип жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.