super.kg logo

Маданияттын Эмгек сиңирген ишмери, белгилүү композитор Кенжегазы Асанбаев кайтыш болду

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 1946-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган.

Ал 1970-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын скрипка классында окуп, кийин 1964-жылы теориялык бөлүмүнө которулган.

Композициядан А. Жаныбековдун классында окуган. Бир эле мезгилде 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик (азыркы улуттук Баласагын атындагы) университеттин филология факультетин бүтүргөн.

1968-1974-жылдары В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасында мугалим болуп иштеген.

1982-жылдан СССР композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү болгон.

"Каныкей" аттуу симфониянын, камералык оркестр үчүн кыргыз темасына жазылган симфониялык поэмалардын, "Кыргыз кайрыктары" аттуу симфониялык күүлөрдүн, симфониялык увертюранын, симфониялык сюитанын, труба, оркестр үчүн концерттин, "Мекен ыры" аттуу вокалдык-симфониялык поэманын, фортепияно үчүн пьесалардын автору болгон.

Чыгаан композитор кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп, республиканын театрларына коюлган көптөгөн спектаклдерге музыка жазган. Мисалы Б. Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер", Т. Абдумомуновдун "Жоробайдын жоруктары", М. Гапаровдун "Туздуу чөл", Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күн", "Саманчынын жолу", "Кыямат", "Кош бол, Гүлсары" жана башкалар.

Маданият тармагынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болгон. Ошондой эле, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институнун музыка теориясы кафедрасынын профессору, А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйллыктын лауреаты болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кенжегазы Асанбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.07.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арты кайрылуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: