Бишкекке Кытайдан Кыргыз жарандары келди
Бишкекке Кытайдан Кыргыз жарандары келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Манас" эл аралык аэропорту 17-июлда "Zhejiang Loongair Airlines" авиакомпаниясынын Сиань-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамды тосуп алды.
Мекенге Кытайдан 100 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын көпчүлүгү Кытайда билим алып жаткан студенттер.
Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциянын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Өлкө Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кытай мамлекетинде жашаган бардык кыргыз жарандарына даректүү телефон аркылуу байланышуудан кийин Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн. Жыйынтыгында, Кытай мамлекетинде жашаган 380 Кыргызстандыктардын ичинен 100 жаран мекенине кайтууну каалашкан. Алар Бишкекке кайтуу үчүн Кытайдын 40 башка шаарларынан Сиань шаарына чогулушкан. Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмесине аталган каттам менен кайтууну көздөгөн бардык жарандар кирген.
Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын жөнөтүү боюнча бардык маселелерди чечүү максатында Өлкөнүн айрым мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен керектүү иштерди жүргүздү.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

