Бишкектин кире беришиндеги карантиндик постто патрулдук милицияны сүзгөн айдоочу кармалды




Чүйдө санитардык-карантиндик постто турган патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда саат 08:00 чамасында айланма жол менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги санитардык постто орун алган.
"Анда Хонда Степ унаасынын айдоочусу документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, талаптарды аткарбай патрулдук милицияны унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен кызматкер денесинен ар кандай жаракаттарды алды.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө саат 16:00 чамасында айдоочу Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган аял 1994-жылы туулган Ленин районунун тургуну экени белгилүү болду. Топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.





1 |