super.kg logo

Эмгек сиңирген ишмер наамы, "Даңк" орденинин ээси. Белгилүү кинооператор Мурат Алиев дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиев 72 жаш курагында каза болду. Ал бүгүн, 17-июлда оор илдеттен көз жумганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. 1979-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (ВГИК) кинооператордук факультетин аяктаган.

Анын чыгармачылык жолу 1966-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун ассистенттигинен башталат. Анын устаттары Марлест Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиев болгон. "Мен – Тянь-Щань", Уркуя", "Мурас", "Көчө" жана башка белгилүү тасмаларында келечектеги кинооператор тажрыйба топтогон.

1980-1990-жылдары режиссёр жана оператор катары отуздан ашуун даректүү тасмаларды жарыкка чыгарат.

Ал Кыргызстандын гана искусствосу менен маданиятына салым кошпостон коңшу Казакстандын дагы кино өнөрүнө зор салымын кошуп келген. 2000-жылдан баштап аны казак киносунун өкүлдөрү чакыра башташкан. Коюучу оператор катары ал "Казакфильмде" ондон ашык көркөм тасма жараткан. Алардын ичинде белгилүү казак режиссёрлору С.Нарымбетовдун "Мустафа Шокай", Э.Турсуновдун "Келин", Р.Аташевдин "Курак көрпө" тасмалары да бар.

2013-жылы Мурат Алиев "Шал" (Казакстан) тасмасындагы эмгеги үчүн Азия-Тынч океандык Киноакадемиясынын сыйлыгына "Мыкты оператордук эмгек" номинациясына талапкер болуп, киноакадемиянын мүчөсү болгон.

Мамлекеттик тапшырык менен тартылган режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасында Мурат Алиев кинооператордук чеберчиликтин бийик деңгээлин көрсөтө алган.

Улуттук киноискусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы Мурат Алиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 2017-жылы "Курманжан датка" тасмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган. Ошондой эле ал "Даңк" орденинин, Ардак грамотанын ээси.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мурат Алиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: