Вайнер Эмил Токтошев катышкан жарнамалык роликте мыйзам бузуу аракети бар экени айтылды
Буга чейин вайнер Эмил Токтошев катышкан такси кызматын жарнамалаган видеоролик кыз ала качууну пропагандалап жатат деген талкуу, сын-пикирлерге кабылган. Аталган роликте мыйзам бузуу аракети бар экенин, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан такси кызматынын жетекчилигине айып салынары айтылды. Бул тууралуу "Медиа полис институту" билдирет.
Уюмдун маалыматына ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облусу боюнча башкармалыгы жарандардан келип түшкөн электрондук кайрылууларды карап чыккан.
"Жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, жарнама берүүчү менен жарнама тартуучуладын ортосунда келишим түзүлгөн эмес. Роликте “Жарнама” жөнүндө мыйзам бузуу аракети бар. Учурда такси кызматынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу процедурасы жүрүп жатат. 17 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.










1 |