super.kg logo

Бишкекте карактоо жолу менен 10 миң доллардан ашык акча алып качкан 27 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте акча алмаштыруучу жайдан карактоо жолу менен акча алып качкан жаран кармалды. Октябрь РИИБинин маалыматына ылайык, окуя 11-июлда орун алган.

"Нөөмөт бөлүмгө Байтик-Баатыр көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлардын бирине белгисиз адам кирип, карактоо кылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, белгисиз жаран акча алмаштыруучу жайдын кызматкерине карата электрошокер колдонуу менен 10 миң 500 доллар каражатты алып кеткени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делинип 1993-жылы туулган М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү делинген жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ыктыярдуу түрдө 92 миң сом, 33 миң 700 рубль, 100 евро жана 307 доллар каражатын кайтарып берген. Калган акчаны ал жеке муктаждыктарына жумшаганын айткан.

Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






Бишкекте каракчылык кылган 27 жаштагы жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2020. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунуш эн эле жамаан, кыргыз элибиз азбызго , ушундай акылсыз Жана женил жол менен Арам акчалуу болушту токтотсок жакшы болор эле, ушундайлар кийин адамды коз ирмебей эле олтуруп коюшат, ушундайлардын колун кесип салыш керек деп ойлойм,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: