super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө ооругандардын саны 14 миллиондон ашты

 

Бүгүн, 18-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 49 миң 207 адам жуктуруп алды. Анын 7 миллион 856 миң 405 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 601 миң 494 бейтап каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 641 миң 417 адамдан коронавирус аныкталып, 139 миң 175 адам каза болсо, 1 миллион 107 миң 204 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 46 миң 328 адамдан аныкталды. 77 миң 851 адам каза болсо, 1 миллион 428 миң 520 бейтап айыкты.

Ал эми үчүнчү орунда Индия. Индияда 1 миллион 3 миң 832 адам вируска кабылган. 25 миң 602 бейтап көз жумса, 635 миң 757 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2020. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 миллион адамга чейин эле жугат дешти элего экспертттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: