Премьер-министр Кубатбек Боронов Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушту
Премьер-министр Кубатбек Боронов Минск шаарына иш сапарынын жүрүшүндө Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, Беларусь өлкөсүнүн президенти эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.
Өз кезегинде өкмөт башчы Кыргыз өлкөсү Беларусь өлкөсү менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин баса көрсөттү.
Жолугушууда Кубатбек Боронов эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүүнүн, товар жүгүртүүнү бир кыйла көбөйтүүгө, инвестициялык өз ара иштешүүнү өркүндөтүүгө, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө айрыкча көңүл бурдурду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

