super.kg logo

Бишкектеги стационарларга жалпы 47 миңден ашуун тургун медициналык жардам алуу үчүн кайрылган

 

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарларга жалпы 47 миңден ашуун жаран медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Ал эми акыркы суткада күндүзгү стационарларга 5 миңдей бейтап кайрылган дешти Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан.

Борбор калаа боюнча 45 миң 403 жаран стационарларга кайрылып, анын ичинен 23 миң 722 бейтабына ийне жана тамчылатып ийне саюу кызматы көрсөтүлүп, 12 миң 425 жаранга дарыгерлердин кеңеши берилген. Ал эми 246 бейтап ооруканаларга жаткырылган.

Түнкү стационарлар ачылган күндөн тартып, тагыраагы 4 күндөн бери 1 миң 759 жаранды кабыл алып, анын 10у ооруканага жаткырылды.

Жеке ишкерлердин жардамы менен стационарларга кычкылтек концентраторлор, пульсоксиметрлер менен камсыздалып, дарыканалар ачылгандыгы тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өткөн суткада стацонарларга кайрылган бейтаптардын арасында каза болгондор катталган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: