super.kg logo

Өмүрбек Текебаев пневмонияга кабылып, дарыланып жатканы айтылды

 

Саясатчы Өмүрбек Текебаев пневмония илдетинен дарыланып жатканын, абалы турукташып баратканы айтылды. Бул тууралуу юрист Искен Афиджанов социалдык тармактагы баракчасына жазып, саясатчынын сүрөтү менен бөлүштү.

Юрист Искен Афиджанов бөлүшкөн сүрөт

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айыгып бара жатат. Эки тараптуу пневмония илдети басаңдаганы менен сатурациясы (кандагы кычкылтектин өлчөмү) дагы деле нормадан төмөн бойдон калууда.

Анын аялы ооруканадан чыгарылып, үйүндө. Өмүрбек Чиркешович баарына салам жолдоп, чын жүрөктөн ден соолук каалайт", - деп жазган Искен Афиджанов.

Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов Өмүрбек Текебаевдин дарыланып жаткан сүрөтүн Твиттердеги баракчасына жарыялап, "абалы анча жакшы эмес окшойт, сакайып кетсин" деген билдирүү калтырган.

Активист Адил Турдукулов бөлүшкөн сүрөт

Саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканага жаткырылганы, абалы канааттандырарлык экени 8-июлда маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.07.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 сүрөт корунбойтко
19.07.2020. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өмүке тезирээк сакайып кетиңиз сиз элге кызмат кылышыңыз керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: