Ош шаардык ооруканасына залалсыздандыруучу туннель орнотулду





Ош шаардык ооруканасына залалсыздандыруучу туннель орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Туннель жергиликтүү жеке ишкана тарабынан орнотулганы белгиленет.
"Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жарандарга ар тараптан колдоолор болуп жатат. Карантин учурунда медицина кызматкерлерин жана күч кызматкерлерин ташууга атайын кичи автобустар бөлүнгөн, ал эми учурда дезинфекциялоо үчүн ооруканага атайын туннель орнотуп бердик. Азыркы тапта кайдыгер карабай, биргеликте жарандар үчүн кызмат кылып, илдетти жеңип чыгуу зарылчылыгы турат", - деген ишкана жетекчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.