Түркияда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны азайып бара жатканы айтылууда
Түркияда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны азайып бара жатканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Анда Түркияда 19-июлга карата коронавирус 918 адамдан аныкталганы айтылат. Бул 7-июндан берки эң аз көрсөткүч экени белгиленет.
"Акыркы 24 саатта вирустан 17 киши көз жумду. Ошол эле убакыттын ичинде 40 миң 943 тест жасалып, 918 кишиден вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 179 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 201 миң 13кө жогорулады", - деп жазылат маалыматта.
Түркияда коронавирусту алгачкы жуктуруп алгандар ушул жылдын 11-мартында аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 218 миң 717 адамды түздү. Айыккандар 201 миң 13 адам болсо, каза тапкандар 5 миң 475.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Aika1988

19.07.2020. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахыма шугурлор болсун кундо жакшы жанылык угалы азайып анан жок болуп Кетти деген жанылыктар угалы .
nuridindosmatov

19.07.2020. 11:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Ая-Софиянын мечит болушунан. Иншаллах
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.