Базар-Коргондо бүтүрүүчүлөр дарыгерлерге 3 кычкылтек концентраторун алып беришти





Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн бүтүрүүчүлөр 3 кычкылтек концентраторун алып беришти. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 19-июль күнү райондогу Кеңеш айыл аймагында жайгашкан №12 Капарбек атындагы орто мектепти 2000-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аймактык ооруканага келип, 3 кычкылтек концентраторун, 2 пульсоксиметр, антисептикалык каражаттарды, өздүк коргонуучу кийимдерди тапшырышкан.
Аймактык оорукананын дарыгерлери аларга ыраазычылык билдиришсе, бүтүрүүчүлөр мындай жардам берүү акциясын дагы да улантышарын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Вирус ушул чоң курсактар айынан келди биздин өлкөгө. Эми мунун артынанда деп өлүп жатышат вирусту кошо жеп койсоңор го